Жолдо үзүлгөн кишини жаш кыз ташка алган деп шектелүүдө

Жазылуу
Кылмыш болгон жерде колу канга боелгон кыз отурган

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Борбор калаада 22 жаштагы кыз жаш жигитти таш менен сабаган деп айыпталууда. Жабыркаган адам көз жумган. Бул тууралуу Бишкек шаардык Кайгуул милиция башкармалыгынан кабарлашты.

Кызды муунтуп жаткан адам. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө эс алууга барып, аялын муунтуп салган киши милицияга өзү келди
17-август күнү Гоголь менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде кишинин канжалап жатканы тууралуу кабар милицияга келип түшкөн. Аталган дарекке ыкчам тергөө тобу жетип келгенде жабырлануучуну Тез жардам кызматы алып кеткени маалым болгон. Кылмыш болгон жерде колу канга боелгон кыз отурган. Ошол эле жерде кан болгон таш жаткан. Жаш жигит ооруканага баратып көз жумган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 104-беренеси "Атайылап ден соолукка залака тийгизүү" боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кыз убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0