Бишкекте өспүрүм баланы сүзүп кеткен айдоочу колго түштү

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖолду өтүп бараткан бала. Архив
Жолду өтүп бараткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы Абдрахманов менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде катталган

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бишкекте унаа айдоочусу эркек баланы сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырган. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Жол кырсыгы Абдрахманов менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде саат 14.00дөр чамасында катталган.

"Жеңил автоунаанын айдоочусу 12 жаштагы баланы коюп кетип, окуя болгон жерден изин жашырган. Ал эми жабыркаган балага жеринен жардам берилген. Айдоочу бир сааттан кийин колго түштү", — деп милициядан маалымдашты.

Аталган факты боюнча бардык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жол кырсыгына кабылгандарга биринчи жардамды кантип берүү керектигин Sputnik агенттигинин видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0