Акыркы эки күн ичинде эки киши сууга чөгүп каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековНесчастные случаи в озерах КР
Несчастные случаи в озерах КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдарды куткаруучулар суу түбүнөн таап чыгып, милицияга тапшырышкан.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Акыркы эки күн ичинде 45 жаштагы аял менен 19 жаштагы бала сууга чөгүп каза болгонун ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Фестиваль Русские Ганзейские дни в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Алайдагы жүрөк жылыткан көрүнүш. Суу түбүндө жаткан 4 жашар бала куткарылды
Биринчи кырсык Ысык-Көл районунун Бает айылында 12-август күнү "Вавилон" эс алуу жайында болгон. Окуянын эртеси эртең менен ӨКМдин куткаруучулары жаш жигиттин сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине тапшырган.

Ал эми кечээ Чоң Чүй каналынан чөгүп кеткен 40-45 жаштагы европа тегиндеги аялдын сөөгүн куткаруучулар таап чыгып, аны да милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Сууга тумчуккан адамга кантип биринчи жардам көрсөтүлүшү керектигин Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0