01:26 22 Баш оона 2017
Түз эфир
Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында LX 570 үлгүсүндөгү жол тандабас велосипед менен бара жаткан адамды коюп кеткен

Лебединовка айылында LX 570 велосипедчен адамды коюп кетти

© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан бери катталган жол кырсыктары (292)
317 0 0

Жабырлануучунун мас абалында экени болжолдонууда.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында LX 570 үлгүсүндөгү жол тандабас велосипед менен бара жаткан адамды коюп кеткенин WhatsApp-канал аркылуу окурман билдирди.

  • Наезд на велосипедиста в селе Лебединовка
    Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында LX 570 үлгүсүндөгү жол тандабас велосипед менен бара жаткан адамды коюп кеткен
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
  • Наезд на велосипедиста в селе Лебединовка
    Окуя саат 21.20лар чамасында болгон. Күбө велосипедченди сүзүп кеткен айдоочу кырсык болгон жерден кетпегенин, Тез жардам келип жабырлануучуну алып кеткенин айтты.
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
1 / 2
© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында LX 570 үлгүсүндөгү жол тандабас велосипед менен бара жаткан адамды коюп кеткен

Анын айтымында, окуя саат 21.20лар чамасында болгон. Күбө велосипедченди сүзүп кеткен айдоочу кырсык болгон жерден кетпегенин, Тез жардам келип жабырлануучуну алып кеткенин айтты.

Жол кырсыгы болгонун Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады. Маалыматка ылайык, жабырлануучу Чүй облустук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилген. 

Кырсыкка кабылган адамдын баш мээси чайкалып, мас болушу мүмкүн экени айтылууда. Учурда бардык текшерүүлөр дайындалды.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан бери катталган жол кырсыктары (292)

Тема боюнча

Тоңдо жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан жеңил машинадагы кыз каза болду
Көлдөгү жол кырсыктан эки адам каза таап, жетөө жабыркады
Кечээки жол кырсык: Жети-Өгүздө ата-бала, Түптө дагы эки айдоочу каза тапты
Белгилер:
велосипед, жол кырсыгы, Аламүдүн району

ЭҢ МААНИЛҮҮ