03:46 21 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Ысык-Көлдүн жээги. Архивдик сүрөт

Ысык-Көлдүн жээгинен швейцариялык туристтин сөөгү табылды

© Sputnik / Олег Ласточкин
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
334 0 0

Чет элдик жаран бүгүн эртең менен көз жумган

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Тамчы айылындагы көлдүн жээгинде швейцариялык жаран көз жумду. Бул тууралуу облустун Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Ысык-Көлдүн жээги. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Милициянын маалыматына караганда, чет элдик жаран жума күнү саат 9.00дөр чамасында көз жумган. Окуя тууралуу маалымат Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына жергиликтүү тургундар тарабынан келип түшкөн. Алар чет элдик жарандын сөөгү көл жээгинде жатканын маалымдаган.

Каза тапкан киши 74 жаштагы Мюнхен Карл Юсеф экени аныкталды. Ал жубайы менен Ысык-Көлгө эс алганы келген.

Маалыматтарга караганда, маркумдун кан басымы жогору болгондуктан дары-дармексиз жүрчү эмес. Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат.

Сууга тумчуккан адамга кантип биринчи жардам көрсөтүлүшү керектигин Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүздөр>>

Тема боюнча

Алайдагы жүрөк жылыткан көрүнүш. Суу түбүндө жаткан 4 жашар бала куткарылды
Куткаруучулар сууга чөккөн эркек кишини издеп жатып кыздын сөөгүн таап алышты
Жыл башынан бери 57 киши сууга чөгүп кетсе, анын 16сы балдар
Белгилер:
Швейцария, Ысык-Көл

ЭҢ МААНИЛҮҮ