Тоңдо жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан жеңил машинадагы кыз каза болду

Жазылуу
Мерт болгон кыздан тышкары беш жүргүнчү жабыркаган

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Көлдүн Тоңунда жүк ташуучу унаа менен Mercedes-Benz жеңил машинасы кагышып, анын кесепетинен 25 жаштагы кыз каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 10-август күнү түшкө жуук Балыкчы — Каракол жолунун 49-чакырымында болгон. Көз жумган кыздан тышкары унаадагы беши киши жабыркап, алар Тез жардам кызматы менен Балыкчы шаарынын ооруканасына жеткирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0