Куткаруучулар сууга чөккөн эркек кишини издеп жатып кыздын сөөгүн таап алышты

Жазылуу
Милиция маркумдун аты-жөнүн тактап жатат

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айылында балык уулап жүрүп, Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 30 жаштагы кишини издөө учурунда куткаруучулар 20 жаштагы азиат улутундагы кыздын сөөгүн табышкан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Крещенские купания в Московской области - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери 96 киши сууга чөксө, алардын 30у балдар
Аны РИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Маркум кыздын аты-жөнүн милиция тактап жатат.

Андан сырткары, ушул эле айылда 34 жаштагы киши 3-августта Чоң Чүй каналына секирип кеткен, анын сөөгү 8-августта табылып, милицияга өткөрүп берилди.

Ал эми 7-августта Ош шаарындагы Альплагерь эс алуу борборунун жанындагы "Южный" каналына 11-12 жаштагы эки бала агып кеткен. Куткаруулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, каналдан таап, балдардын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен.

Сууга чөккөн адамга биринчи жардамды кантип көрсөтүү керек экенин Sputnik Кыргызстандын видеосунан тааныша аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0