Сузактагы жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды

Жазылуу
Ал эми жабыркаган үч адам Жалал-Абад шаардык ооруканага жеткирилген

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бүгүн, 9-август күнү, Сузактын Беш-Бала айылында эки жеңил унаа кагышып, кырсык үч кишинин өмүрүнө забын болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, аварияга Volkswagen Vento менен Hyundai Kari үлгүсүндөгү машиналар кабылган. Окуя болгон жерде мерт болгон үч адамды куткаруучулар чыгарып, ал эми жолдон өтүп бараткан унаалар жабыркаган үч киши менен кошо сөөктөрдү Жалал-Абад шаардык ооруканага жеткирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0