Ысык-Ата районунда чыккан өрттөн музоолуу уй жана алты кой өлдү

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЭвакуация рабочего поселка Виля Нижегородской области из зоны природных пожаров
Эвакуация рабочего поселка Виля Нижегородской области из зоны природных пожаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан чыккан

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красная Речка айылында бастырмада чыккан өрттөн музоолуу уй жана алты кой өлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 2-августта түнкү саат 2:35тер чамасында болгон.

Тилсиз жоонун кесепетинен 300 чарчы метрлик бастырма, үч миң түк чөп күйүп кеткен. Аны өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0