16:58 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Алын кум пансионатына кире берген жерге токтогон эс алуучулардын автоунааларынын дөңгөлөктөрүн жапырт жарып кетип жатышат.

Бостериде туристтердин машинасынын дөңгөлөгүн жаргандарды айыл өкмөтү издөөдө

© Фото / Нурсултан Алтыбаев
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
114010

Бостериде эс алуучулардын машинасынын дөңгөлөктөрүн белгисиз бирөөлөр жарып кеткен фактылар катталганын айыл өкмөт башчысы тастыктады

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Алын кум" пансионатына кире берген жерге токтогон эс алуучулардын автоунааларынын дөңгөлөктөрүн жапырт жарып кетип жатышат. Бул боюнча Нурсултан Алтыбаев аттуу колдонуучу Facebook баракчасына жазып чыкты. 

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Алтыбаевдин өзү менен байланышып, окуя боюнча кененирээк маалымат алды. 

Разбитые колеса автомобилей отдыхающих в пансионате Алын кум в Иссык-Куле
© Фото / Нурсултан Алтыбаев
Случай в пансионате "Алын кум" в Иссык-Куле

"Окуя өтүп бара жаткан жуманын ортосунда болду. Үй-бүлөбүз менен Бостери айылына эс алганы барганбыз. "Алтын кум" пансионатына кире берген жерге токтотулган унаалардын жанына мен да токтоп, тамактанууга киргенбиз. Чыксак меники менен чогуу 9-10 унаанын дөңгөлөктөрүн жарып кетишиптир. Арыраак жерде саатына 50 сомдон алган унаа токтотуучу жай бар экен. Балким ошолордун колунан келгендир деп ары-бери карап туруп калсак, жергиликтүү балдар дагы чогулуп калды. Нааразычылыгыбызды айтсак, алардын арасынан үч-төртөө атырылып чыгып, мушташа кете жаздадык. Деңгөлөгү жарылгандардын арасында казакстандык туристтер дагы бар болчу", — деди Алтыбаев.

Анын айтымында, кийин алар жайгашкан эс алуу үйүнүн кожоюну мындай окуялар күндө болоорун, таңкалуунун кереги жок экенин билдирген.

Бул окуя боюнча жергиликтүү бийлик тарабынан кандай чаралар көрүлүп жаткандыгын билүү үчүн Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Жамангуловго кайрылдык.

Ал дөңгөлөк жарып кетүү фактылары чындап эле катталып жатканын тастыктады.

"Акыркы учурда эс алуучулардын унааларынын дөңгөлөктөрүн жарган 1-2 факты катталды. Укук коргоо органдары дагы бул тууралуу кабардар. Бирок бул иштерди кылган адамдар кармалбай жатат. Азыр ошол тегеректеги эс алуу үйлөрүнүн кароолчуларына дагы ээн баштарды кармоого кол кабыш кылуу тапшырмасы берилди", — деди айыл жетекчиси.

Ошондой эле Жамангулов эс алуучуларга ыңгайсыздык жараткан мындай окуялардын болушуна себеп болгон жарандар кармалса, мыйзам алдында жооп берерин кошумчалады.

Тема боюнча

Окенова: Ысык-Көл жээгинде эс алуу мүмкүн эмес
Белгилер:
дөңгөлөк, унаа, Ысык-Көл

ЭҢ МААНИЛҮҮ