БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Мындан эки күн мурда Баткен районундагы Төрт-Күл суу сактагычына түшүп жатып агып кеткен 18 жашар баланын сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кырсык болгондон бери ӨКМдин куткаруучулары баланын сөөгүн издеп жаткан.
"Маркумду куткаруучулар 27-июлда саат 19:35те каналдан таап, туугандарына өткөрүп беришти", — деп айтылат маалыматта.
Аны издөөгө сегиз куткаруучу тартылган.