БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москвада каза болгондордун арасында КР жарандарынын бар-жогун тактап жатат.
РИА Новости маалымат агенттигинин билдиришинче шаршемби күнү Жаңы Москва аймагында (Щербинка) канализациядагы куурларды алмаштырып жаткан төрт киши газга ууланып каза болгон. Окуянын чоо-жайын азыр тийиштүү органдар териштирүүдө.
Эске салсак, июнь айында дагы Москванын батыш тарабындагы канализациядагы куурларды алмаштырып жатканда беш киши каза болгон. Алардын экөө кыргызстандыктар, экөө Украинанын жана бирөө Россиянын жараны болуп чыккан. Алар метан газына ууланышкан.