Баткенде Төрт-Күлгө чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүОткрытие скульптуры Леонида Тишкова "Водолаз-Маяк"
Открытие скульптуры Леонида Тишкова Водолаз-Маяк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык тууралуу маалымат бүгүн таңда берилген.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Баткен шаарынын 34 жаштагы тургуну Адылбек Турдуев Төрт-Күл суу сактагычына түшүп жатып чөгүп кеткенин ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн башчысы Туратбек Турдуев билдирди.

Кырсык 25-июль күнү түнкү саат 22.10до болгон. Бул боюнча маалымат башкармалыкка эртеси таңда түшкөн.

Турдуев маркумдун сөөгү 26-июль күнү эртең мененки саат 7де табылып, туугандарына тапшырылганын кошумчалады.

Сууга чөккөн кишиге биринчи жардамды кантип көрсөтүү керек экенин Sputnik Кыргызстандын видеосунан тааныша аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0