Казакстандагы жол кырсыгынан бир кыргызстандык каза болду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаа жүк ташуучу машина менен кагышкан

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Казакстандагы жол кырсыгынан үч кыргызстандык жабыркап, бирөө каза болгонун КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгы 22-июлда саат 18:10дор чамасында Самара — Шымкент кан жолунда болгон. Жүк ташуучу автоунаа ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү машина менен кыгышкан. Анын ичинде төрт жаран болсо, үчөө Кыргызстандын жараны болгон. Жеңил автоунааны айдап бараткан 28 жаштагы КР жараны каза болгон. Калгандары ооруканага жаткырылган.

"Алдан ала маалымат боюнча жол кырсыгына каза болгон айдоочу күнөөлүү. Ал рулду башкара албай, жолдун каршы тилкесине чыгып, жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Казакстандын тийиштүү органдары кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүрүүдө. Казакстандагы Кыргызстандын элчилиги маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча аракеттерди көрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0