Москвада Кыргызстандын жараны сабалып, алты киши кармалды

Жазылуу
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери ооруканага барып, жабыр тарткан жаран менен жолугушкан

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Москвада 19 жаштагы кыргызстандык сабалганын РИА Новости агенттиги укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, алты жигит (анын ичинде жашы жете элек бирөө бар) кыргызстандыкты сабагандын кийин дароо кармалышкан. Окуя жекшемби күнү түнкү саат бирлер чамасында "Авиамоторная" метро станциясынын жанындагы жер алдындагы өтмөктө болгон.

Кармалгандар окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн полиция бөлүмүнө алып келинген.

"Алардын көбү колледж менен университетте окуган 18-20 жаштардагы жигиттер. Арасында 18ге чыга элек бирөө бар", — деп полициядан маалымдашкан.

Тапанча кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кара-Балтадагы үлпөт тойдо эки айылдын балдары мушташып атыша кетишти
Кармалгандардын арасынан 19 жаштагы жигит КР жаранын сабап, денесине залал келтиргени айтылууда.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери жабыр тарткан КР жаранын ооруканадан көрүшкөн. Дарыгерлер баланын мээси чайкалганын айтып, абалы канааттандырарлык экенин билдиришкен.

Ишти элчилик жеке көзөмөлүнө алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0