Ошто бир аял менен өспүрүм бала сууга агып кетти

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүСуу каналы. Архив
Суу каналы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунда 54 жаштагы аял киши жана 12 жаштагы өспүрүм сууга агып, сөөктөрү бир топ алыс жерден табылды.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ош облусунда эки адам сууга агып, каза тапкандыгы тууралуу ӨКМдин маалымат кыматынан билдиршти.

Биринчиси — 54 жаштагы аял Ош шаарынын Ашимахунов көчөсү аркылуу агып өткөн Яккалик каналынан суу алам деп жатып агып кеткен. 15 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында аялдын сөөгүн Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылынан табышкан.

"Экинчи кырсык Нариман айыл аймагында болду. 12 жаштагы өспүрүм бала Ак-Буура суусуна түшүп жатып, агып кеткен. Алты куткаруучу жеринде иштеп, бирок баланы таппай коюшкан. Издөө иштери саат 19.30да убактылуу токтотулган. Ал эми саат 22.30 чамасында Өзбекстандын Анжиянн облусунун аймагынан коңшу өлкөнүн чек ара кызматкерлери таап алышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, сөөк дароо туугандарына өткөрүп берилген.

Сууга чөккөн адамга биринчи жардамды кантип көрсөтүү керек экенин Sputnik Кыргызстандын материалынан тааныша аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0