Россиядан Жигули менен келе жаткан кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЧемпионат Омской области по автомногоборью "Слалом"
Чемпионат Омской области по автомногоборью Слалом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда төрт кыргызстандык жаран Ыргыз райондук ооруканасында жатат

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Жеңил унаа менен Россиядан келе жаткан кыргызстандыктар Казакстандын аймагында жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Актөбө облусунун Ыргыз райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Садирбай Тазбенов билдирди.

Анын айтымында, окуя Ыргыз районунда катталып, жаракат алган төрт кыргызстандык жаран аймактык ооруканага жеткирилген.

"22-июлда болжол менен саат 18.11де Самара — Чымкент унаа жолунда Жигули менен оор жүк ташуучу фура кагышкан. Жигулинин ичинде Кыргызстандын төрт жараны болгон. Алардын баары ооруканага жаткырылды. Тергөө иштери жүрүп жатат", — деди тергөөчү.

Жулкулдатпа, ары-бери сүйрөбө! Унаа каккан адамга алгачкы жардамды көрсөтүү - Sputnik Кыргызстан
"Сулууну автоунаа кагып кетти". Биринчи жардамды кантип көрсөтүш керек
Азырынча алардын абалы туурасында так маалымат жок.

Ал эми Жылдыз Осмонова аттуу интернет колдонуучу Facebook баракчасына ооруканада жаткан 28 жаштагы Эрнис Мураталиевдин туугандары табылбай жатканын жарыялаган. Ал жол кырсыгына кабылгандар Москвадан бара жатканын жана Мураталиевдин абалы оор экенин белгилеген.

Кийинчерээк тергөөчү Тазбенов анын туугандары байланышка чыкканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0