Нарын менен Чоң-Алайда жер титиреди

Жазылуу
ӨКМ эки жер титирөөдөн тең кыйроолор жана жабыркагандар болбогондугун кошумча билдирди.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында кечээ жана түндө эки ирет жер силкинди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда катуу жер титиреди. Арасында КР жарандарынын бары-жогу такталууда
23-июль күнү 16:36 чамасында Нарын облусунун Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунун чектешкен тоо кыркаларында очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Маалыматта Ак-Булак, Кара-Булак айылдарында — 4 балл, Куланак айылында – 3,5-4 балл, Баетов, Кара-Булуң, Кызыл-Туу айылдарында 3,5 балл, Ат-Башы айылына 3, Нарын шаарына 2,5 балл сезилгени айтылат.

Ал эми экинчи ирет жер титирөө түнкү 02:13 чамасында катталып, очогу Тажикстанда экендиги маалымдалды.

Анын эпкини Кыргызстанга да жетип, Чоң-Алай районунун Алга айылында 3 балл, Кара-Тейит, Карамыкта 2,5 балл болуп сезилген.

ӨКМ эки жер титирөөдөн тең кыйроолор жана жабыркагандар болбогондугун кошумча маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0