Норильскиде автобус төрт жашар кызды бир топ аралыкка сүйрөп кетти. Видео

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАвтобуска отуруп жаткан жүргүнчүлөр. Архив
Автобуска отуруп жаткан жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алган жараатынан улам кичине кыз ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Красноярск өрөөнүнүн Норильск шаарында автобус төрт жашар кызды бир нече аралыкка сүйрөп кетти. Бул тууралуу РИА Новости аймактык күч органдарына таянып кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кичине кыз алган жараатынан улам ооруканага жаткырылган.

"Наристе апасы менен автобуска түшөөрдө анын бутун транспорттун эшиги кыпчып калып, жүрүп кеткен. Жыйынтыгында автобус кызды бир топ аралыкка чейин сүйрөп кеткен. Этибар албаган айдоочу артынан окуянын күбөлөрү чуркап келе жатканда гана токтогон", — деп жазылат маалыматта.

Учурда полиция кызматкерлери окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Ал эми айдоочуга карата жол кыймылдарын бузуп жабыркаган кыздын ден соолугуна зыян алып келгени үчүн протокол түзүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0