Бишкекке жакын жерде дарыяга унаа кулап, 6 жашар бала каза тапты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдо бараткан автоунаа. Архив
Жолдо бараткан автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өспүрүм сууга агып кетип, сөөгү бир күндөн кийин табылган.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. "Теплые ключи" сейил багына кеткен жолдо кырсык катталып, алты жашар бала каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облустук Кайгуул милициясынан маалымдашты.

Окуя ишемби күнү, 22-июлда саат болжол менен 22.00дөр чамасында катталган. Айдоочу рулду башкара албай калып, унаа дарыяга кулап кеткен.

"Айдоочу аман калганы менен анын баласы сууга агып кеткен. Анын сөөгү бүгүн табылды", — деп милициядан билдиришти.

Анын маалыматына караганда, унаада эки адам болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0