Москвада жол кырсыгынан каза тапкан кыргызстандык кыздын сөөгү мекенине алып келинди

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүАйдоочу кыз. Архив
Айдоочу кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык кыз 19-июлдун түнүндө Ленинград шоссесинде унаа кырсыгына кабылган

БИШКЕК, 22-Июл. — Sputnik. Москвада кыргызстандык кыз жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигин маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгы 19-июлдун түнүндө Ленинград шоссесинде болгон.

"Каза болгон 22 жаштагы кыз Кыргызстандын жараны экени аныкталды. Анын сөөгүн туугандары 21-июлда мекенине алып кетишти", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Москва полициясы тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Кыргызстандын элчилиги бул маселени өз көзөмөлүнө алгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0