Күбө: Бишкектин чок ортосунда жолбун иттер кичинекей кызды талады

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүИттер. Архив
Иттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 21-июлда кечке жуук Эмен багында болгон

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда жолбун иттер жаш балдарды талаган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө болгон адам билдирди.

Анын айтымында, окуя 21-июлда болжол менен саат 18.00дө Бшикектеги Эмен багында болду.

"Мен Курманжан датканын эстелигинин жанында тургам, бир маалда ары жактан катуу кыйкырык угулду. Карасам энтиккен жаш балдар иттердин тобунан качып келе жатыптыр. Анан эле бир ит беш жашар кыздын бутунан тиштеди. Өтүп бара жаткандар ажыратып калышты. Көбүнүн жүрөгүн түшүп калды окшйот", — деди окуяга күбө болгон адам.

Жылкы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ресторандын ичинде таскактаган ат. Чурулдаган коноктор, талкууга түшкөн видео
Кийинчерээк ит тиштеген кыз ооруканага жаткарылганы белгилүү болду.

"Адатта шаардагы иттер жайбаракат эле жүрүшчү, булар аябай кабанаак көрүндү. Иттер күчүктөрү менен биригип беш-алтоо экен", — деди окуянын дагы бир күбөсү.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы Sputnik Кыргызстан агенттигине иттердин балдарга кол салганы туурасында маалымат түшкөнүн, бирок ал жерге кызматкерлер барганда жолбун иттер жок болгонун билдирди.

"Бул аймакта жолбун иттер калган жок. Эмен багына иттерин көбүнчө Жибек Жолу проспектисинде жашагандар агытып жиберишет", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында жарым жылдын ичинде 2000ге жакын жолбун ит атылган.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калса?ыз тарткан с?р?т, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсе?из болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0