Кыргызстан аймактарында сууга чөккөн 3 кишини 17 куткаруучу издеп таппай жатат

© Sputnik / Федоренко Владимир / Медиабанкка өтүүСуу жээгиндеги эс алуу. Архив
Суу жээгиндеги эс алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда сууга агып, чөгүп кеткен үч адамды 17 куткаруучу издеп жатат.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кечээ Кыргызстан аймактарында сууга агып кеткен эки эркек киши жана 10 жаштагы кызды куткаруучулар издеп жатышат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Көлгө түшүп жаткан балдардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Сууга түшүү учурунда 9 "болбойт"
10 жаштагы кыз Сокулукта сууга агып кеткен, ал эми эркек кишилердин бири 29 жаштагы жаран Жети-Өгүз районунун Тамга айлындагы пансионатта көлгө түшүп жатып чөгүп кеткен. Экинчи, 52 жаштагы киши Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 270-чакырымындагы "Төрт-Гүл" суу сактагычына куйган каналга сууга түшүп жатып агып кеткен.

Учурда аларды үч киши 17 куткаруучу издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0