Баткенде белгисиз адам элди опузалап акча талап кылып жатканы айтылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак жана акча каражаттары. Архив
Бычак жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын маалыматына караганда, жергиликтүү тургундардан акча опузалап жүргөн киши 5-июлда коңшу айылдан жоголгон Абдымалик Сабыров болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Баткендин Сырт айылында белгисиз адам жашоочуларды опузалап акча талап кылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы райондук милицияга шилтеме берүү менен билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, элди опузалап жүргөн киши мындан жарым ай мурда Таян айылында жоголгон 45 жаштагы Абдымалик Сабыров болушу мүмкүн.

"Аталган айылдын тургундары түнкүсүн белгисиз адам бычак менен үйгө кирип акча талап кылып жатканын айтышты. Аны көргөн кишилер дайынсыз жоголгон Абдымалик Сабыровго окшоштурушкан. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат", — деп милициядан кабарлашты.

Абдымалик Сабыров 5-июлдан бери табылбай жаткан. Аны 18-июль күнү туугандарынын уруксаты менен ӨКМдин куткаруучулары издөө ишин токтоткон.

Жаңылыктар түрмөгү
0