Баткенде мурдагы аялынын башын таш менен жанчып өлтүргөн жаран кесилди

Жазылуу
Соттолуучу жаран мурдагы аялын ээн талаада өлтүрүп из жашырып кеткен

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Баткенде мурдагы аялы менен чырдаша кетип башын таш менен жанчып өлтүргөн жаран 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун маалымат катчысы Аскар Баймуратов билдирди.

Анын айтымында, соттолуучу жаран мурдагы аялын ээн талаада өлтүрүп из жашырып кеткен.

"Соттолуучу жаран 34 жашта. Ал 2011-жылы Чек айылында 1989-жылы туулган кызга үйлөнүп үч балалуу болгон. Бирок алар 2015-жылы 12-сентябрда ажырашып кетишкен. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында экөө кайра жолугуп автоунаа менен Бужум айылындагы ээн таалага барган. Алар сүйлөшүп отурганда өз ара пикир келишпестик чыгып, жолдошу аялын муштуму менен уруп жиберген", — деп айтылат билдирүүдө.

Кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Малды карабайсың..." 83 жаштагы абышка байбичесин бычактап өлтүрдү
Мындан улам келин аны "милицияга каматам" дегени үчүн таш алып башка урганда жыгылып түшкөн. Эки-үч мүнөттөн кийин өзүнө келип кайра дагы милицияга арыз жазарын айтканда, чоң таш менен бир нече жолу уруп, башын жанчып, өлтүрүп салган. Кийин изин суутуп кеткен.

Баткен райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери оперативдүү издөө ишин жүргүзүп, 6-февралда шектүүнү кармашкан. Ал эми сот кылмышка шектүүнү күнөөлү деп таап 20 жылга эркинен ажыратты.

Жаңылыктар түрмөгү
0