Мамлекетке 400 миң сомдон ашык зыян келтирген ишкерге кылмыш иши козголду

Жазылуу
Ишкерге Кылмыш жаза кодексинин мыйзамсыз ишкердик кылуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Ош обулусунда мамлекетке 400 миң сомдон ашык зыян келтирген жеке ишкерге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кабарлады.

Карнавальный парад в Панама-Сити - Sputnik Кыргызстан
Банкрот болгон нарындык миллионердин баласы: бөтөлкө чогултууга аргасыз болгом
Билдирүүгө ылайык, быйыл 17-майда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы текшерүү иштерин жүргүзгөн. Анда жеке ишкер тиешелүү уруксат кагаздары жок туруп жер кыртышын бузуп, 13 миң куб метр көлөмдөгү кумду казганы аныктаган.

Кийин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Ош облусундагы өкүлдөрү жеке ишкер 2015-жылы Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги тарабынан Кара-Суу районунун Данги аймагындагы 10 гектар жерге геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат алганын аныктаган. Бирок ал өндүрүш иштерин жүргүзүп, мамлекетке жалпысынан 420 миң 200 сом зыян келтирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 180-беренесинин 2-пунктунун 2-бөлүгү (ири көлөмдө киреше табуу менен коштолгон мыйзамсыз ишкерлик) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0