Нарын: сууга түшүп кеткен "Honda Stepwgn" унаасынын ичиндеги 4 жашар бала агып кетти

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүСуу алдына чөгүп кеткен темир унаа. Архив
Суу алдына чөгүп кеткен темир унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаанын ичиндеги үч адам аман калып, бөбөк суудан чыгууга үлгүрбөй калган.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Нарындын Кутурак-Талаа айылында "Honda Stepwgn" үлгүсүндөгү унаа Чоң-Кажырты суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге ылайык, унаанын ичинде төрт адам болгон. Үчөө унаадан тирүү чыгып, төрт жаштагы жаш бала агып кеткен. Учурда төрт куткаруучу баланы издеп жатат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0