Владивостокто бир бөтөлкө суунун айынан 18 жаштагы кыргызстандык өлтүрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү
Бычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгон жаран 18 жашта болгон

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Владивостоктогу борбордук дүкөндөрдүн биринде кардар менен күзөтчү айтыша кетип, ал бычактоо менен аяктаганын Россиянын ЖМКлары жазып чыкты.

Кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Малды карабайсың..." 83 жаштагы абышка байбичесин бычактап өлтүрдү
Каргашалуу окуя жекшемби күнү, 16-июлда 19:00дөр чамасында болгон. Мас болгон тейде дүкөнгө кирип бир бөтөлкө суу алган киши кезекти күтпөстөн кассага өтүүгө аракет кылган. Аны байкап калган күзөтчү бала токтотууга аракет кылганда, берки киши коркутууга өткөн. Алар дүкөндүн короосуна чыкканда күзөтчү суунун акчасын төлөөнү талап кылган, бирок кызуу киши аны бычак менен көкүрөк тушка сайып, изин жашырып кеткен.

Алган жаракатынан улам күзөт кызматкери 20 метрдей ары басып барып, жан берген. Милиция маркумдун ким экендигин тактай келгенде ал 18 жаштагы кыргызстандык жигит болуп чыккан. Тартип сакчылары көп узабай, шек жараткан 52 жаштагы кишини кармады. Милиция адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0