Аксыда эки айдан бери изделип жаткан аялдын сөөгү табылды

Жазылуу
Сууга агып кеткен маркумду ӨКМдин Аксы райондук куткаруу кызматы үч күн издеп таппай койгон

ЖАЛАЛ-АБАД, 18-июл. — Sputnik. Аксыда сууга агып кеткен жарандын сөөгү эки айдан соң табылганын ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Эрмек Тойчубеков аймактык кабарчыга маалымдады.

2017-жылдын 17-июлунда саат 8.00дөр чамасында Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагында жайгашкан "Орбита" лагерине өтүүчү көпүрөнүн түбүнөн Аксы районунун Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылынын тургуну, 2-топтогу майып 45 жаштагы Гүлжан Айдарбекованын сөөгү табылган. Ал 2017-жылдын 21-майынан бери изделип жаткан.

"Сууга агып кеткен аялды ӨКМдин Аксы райондук куткаруу кызматы үч күн издеп таппай коюшкан. Андан соң маркумдун туугандары өз алдынча издөө иштерин улантып жатышкан. 17-июлда жергиликтүү жарандардын бири сууда жаткан сөөктү таап туугандарына кабарлаган", — деп ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Тойчубеков билдирди.

Аксы районунда жыл башынан бери ушуну менен 5 адам сууга агып каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0