Паспорттук столдо иштеген аял ири суммадагы пара алып жаткан жеринен кармалды

Жазылуу
Паспорттук столдун кызматкери чет элдик жарандан документтерин кабыл алып, андан соң иммигрант макамын даярдап берүү үчүн пара талап кылган

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Свердлов районунун паспорттук-визалык жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери 3 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

"Паспорттук столдун кызматкери чет элдик жарандан документтерин кабыл алып, андан соң иммигрант макамын даярдап берүү үчүн аталган сумманы талап кылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 313 (Опузалап пара талап кылуу) жана 304-беренелер (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган аял УКМКнын убактылуу кармоо жайына камалып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0