Ысык-Көлдө эки жаран сууга чөгүп өлдү

Жазылуу
Алдын ала маалыматтарга караганда, көз жумгандар ОшМунун студенттери болгон.

БИШКЕК, 13-июл. – Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Ынтымак айылындагы “Факел-Үмүт” пансионатына эс алууга келген эки адам көлгө чөгүп кеткендигин ӨКМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 21 жана 23 жаштагы эки жарандын сөөгүн Каракол шаарынын беш куткаруучусу барып, бир нече сааттан кийин таап чыгышкан.

Сууга чөгүп каза болгондордун сөөктөрү Түп РИИБине өткөрүлүп берилди. 

Алдын ала маалыматтарга караганда, көз жумгандар ОшМунун студенттери болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0