Элчилик: Петербургдагы өрттөн каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

© Фото / пресс-служба ГУ МЧС России по Санкт-ПетербургуПожар в ангаре в Колпинском районе Санкт-Петербурга
Пожар в ангаре в Колпинском районе Санкт-Петербурга - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыкты ооздуктоого ӨКМдин 33 кызматкери тартылган. Ал эми жалын 600 чарчы чакырым жерди каптаган.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарында чыккан өрттөн каза болгондордун арасында кыргызстандыктардын жок экенин Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Рабочее совещание по обеспечению пожарной безопасности при эксплуатации газобаллонного оборудования - Sputnik Кыргызстан
Премьер газ станцияларынын өрт коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүнү талап кылды
Буга чейин өрттөн жети киши каза болгондугун, анын бардыгы Өзбекстандын жарандары экендигин айтылган. 

Мурдараак Колпино аймагындагы өрт боюнча маалымат саат 3:30 да түшкөндүгүн жазылган. Анда тротуарга төшөй турган каражаттарды чыгарган узуну 15, ал эми туурасы 40 метр кампа сымал жай өрттөнгөндүгүн айтылган.

Жалын 4.56да өчүрүлгөн. Кырсыкты ооздуктоого ӨКМдин 33 кызматкери тартылган. Маалымат булагынын айтымында, жалын 600 чарчы чакырым жерди каптаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0