Бишкек: Mercedes күйүп, эл жарылууга окшогон үндү уккан

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПожар в центре скалолазания RockTown в Санкт-Петербурге
Пожар в центре скалолазания RockTown в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын 12-кичи районунда өрт болгондугу тууралуу кабар таңкы саат 3.36да келип түшкөн

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Борбор калаанын түштүк тарабында жарылуунун үнү угулгандыгын жергиликтүү жашоочулардын бири социалдык тармакка жазган.

"Түнкү саат 3.30дар чамасында 12-кичи райондо жарылуу угулуп, анын артынан эле тарсылдаган катуу үндөр чыкты. Эртең менен жанагыдай үн дагы кайталанды. Эмне болгонун билген киши барбы?" — деп жазган ал.

Публикация от OMKS 📽 VIDEO (@omks_video) Июл 12 2017 в 3:43 PDT

Бишкек шаардык милициясынан Sputnik Кыргызстанга аталган маалыматты тактап жатышканын айтышты.

Ал эми ӨКМгө өрт тууралуу кабар түнкү саат 3.36да келип түшкөн.

"Mercedes S-500 үлүсүндөгү унаанын ички жана мотору жайгашкан бөлүктөрү күйүп кеткен. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр барып, аны 4.13тө толугу менен өчүрүшкөн", — деп айтылат маалыматта.

Аталган кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0