Ысык-Көлдө бир үй-бүлө жол кырсыгына кабылып эне-бала мүрт кетти

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаа кырсыгы бүгүн, 12-июлда Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында катталган.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып андан бир аял жана анын 10 жаштагы баласы мерт болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Унаа кырсыгы бүгүн, 12-июлда Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында катталган.

"Унаанын ичинде атасы, апасы жана үч жашар баласы болгон. Кырсыктын кесепетинен апасы менен бир уулу мерт болду. 9-10 жаштагы балдардын баш мээси чайкалып ооруканага жаткырылган. Балдардын атасы жаракат алган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл облустук Кайгуул милиция башкармалыгы жол кырсыгы катталганын тастыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0