Cууга агып кеткен төрт адам изделүүдө

© Фото / МЧС РФ / Медиабанкка өтүүПоисково-спасательные работы на Ладожском озере
Поисково-спасательные работы на Ладожском озере - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абадда тогуз жашар бала сууга киринип жатып агып кетсе, Ошто тогуз жашар кыз Савай каналына түшүп кеткен.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Сузактын Кара-Дарыя айылында 9 жашар бала сууга киринип жатып чөгүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, баланы куткарууга алты адам тартылып, издөө иштери улантылууда.

Сууга тумчуккан адамдын өмүрүн кантип сактап калса болот? куткаруучудан кеңеш - Sputnik Кыргызстан
Сулуу сууга чөккөн кишинин ролунда. Кантип сактап калса болот?
Ал эми Нарындын Жаңы-Булак айылында 31 жаштагы жаран Нарын суусуна балык кармаганы барып агып кеткен. Аны издөө үчүн беш каткаруучу тартылган.

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда болсо Энилчек — Эчкилиташ унаа жолунда бараткан "Нива" үлгүсүндөгү унаа Сары-Жаз суусуна түшүп кеткен. Натыйжада 34 жаштагы айдоочу сууга аккан. Учурда айдоочуну издөө иштери жүрүүдө.

Оштун Кара-Суу районуна караштуу Октябрь айында 9 жашар кыз Савай каналына агып кеткен. Кызды табуу үчүн ӨКМдин аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн төрт куткаруучу, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 13 куткаруучу тартылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0