Нарын шаарында жүк ташуучу унаа оодарылып, бир адам каза болду

Жазылуу
Окуя 11-июль күнү таңкы саат 07:20 чамасында Нарын шаарынын Мусулманкулов көчөсүндө катталган

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Нарын шаарында оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып кетип, оодарылып бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, окуя 11-июль күнү таңкы саат 07:20 чамасында Нарын шаарынын Мусулманкулов көчөсүндө катталган.

"Ак-Каз" ишканасына караштуу Mersedes үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктан унаанын айдоочусу көз жумган", — деп жазылат маалыматта.

Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылып, каза болгон адамды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0