Апасынан таяк жеп жабыркады делген жети айлык ымыркай балдар үйүнө которулду

© Sputnik / Александр Паниотов / Медиабанкка өтүүМиллионную жительницу Красноярска назвали Аней
Миллионную жительницу Красноярска назвали Аней - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган окуя боюнча милиция кызматкерлери тарабынан тергөө амалдары башталды

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Шаардык балдар ооруканасына оор абалда жаткырылган жети айлык бөбөк балдар үйүнө которулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Дарыгерлер ымыркайдын баш мээси чайкалып, кан уюп калганын аныкташкан.

"Апасы бөбөктү оор абалда ооруканага алып келген. Тиешелүү документтери жок болуп, дарыгерлер тергөө органдарынын кызматкерлерин чакырышкан", — деп жазылат маалыматта.

Аталган окуя боюнча милиция кызматкерлери тарабынан тергөө амалдары башталып, апасы бөбөк дивандан кулап түшкөнүн билдирген. Ал эми кан уюп калуусунун себеби ымыркай эс учун жоготкондо, апасы аны өзүнө келтирүү үчүн жаакка чапкылаганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0