Аймактардагы сел кесепети: талкаланган унаалар менен иштен чыккан көпүрөлөр

© Sputnik / Зульфия ТургуноваАравандын Кичи-Алай айылындагы селдин кесепеттери
Аравандын Кичи-Алай айылындагы селдин кесепеттери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Селдин кесепетинен бир топ турак үй, айдоо жерлери да жараксыз калган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Аптаптуу ысык, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам өлкө аймактарында суунун агымы көтөрүлүп, жер-жерлерди сел каптоодо. ӨКМдин маалыматына ылайык, аталган жаратылыш кырсыгы Ош жана Нарын облусунда көп катталган.

Ош облусу

Кол чатырчан кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Катуу шамал болуп жаан жаайт
Араван району. 8-9-июль күндөрү катуу ысыктан улам тоодогу мөңгүлөр ээрип суунун көлөмү көбөйгөн. Натыйжада сел жүрүп, Араван районунун Кичик-Алай айылынын Торпу участкасында үч турак-жайды авариялык абалга алып келген. Мындан сырткары, сегиз турак үйдүн короосуна кирип 400 түк чөптү, бир кампаны агызып кетип, эгилген эгиндерди жараксыз абалга алып келген. Ошондой эле Нива жана Жигули жеңил унаасын, ГАЗ-53 жана ЗИЛ жүк ташуучу унааларын жарактан чыгарган.

Ушул эле Кичик-Алай айылынын Кызыл-Шоро участкасында сел алты турак-жайдын айланасына кирип эки мал сарайды, бир турак-үйдүн ичине кирип ашканасын жараксыз кылып койгон.

Ноокат районунда селдин кесепетинен ички чарбалык көпүрө жараксыз абалда калган.

Чоң-Алай району. Кашка-Суу айыл аймагында 2017-жылдын 10-июль күнү саат 10.30дар чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Ачы-Суу айылынын ичиндеги ички чарбалык жолду суу каптаган.

Жекенди айыл аймагында 9-июль күнү саат 18.30дар чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен колоттордон топтолуп түшкөн селдин кесепетинен Шибе айылындагы Бай-Тейит участкасында 2,5 чакырым ички чарбалык жолду жана 27 гектар үлүш жер аянттарын алып кетүү коркунучу жаралган.

Нарын облусу

Алайдын Үч-Дөбө айыл аймагында жайгашкан Ничке жайлоосунда сел жүрүп колоттун ичиндеги боз үйдү агызып кетти - Sputnik Кыргызстан
Алайда сел жүрүп жайлоодогу боз үйдү агызып кетти. Жеринен алынган сүрөттөр
Жумгал районунун Куйручук айыл аймагында 9-июль күнү саат 16.40тар чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон агып түшкөн суулар Сары-Байтал жана Шилбили участкаларындагы айдоо аянттарына айыл чарба өсүмдүктөрүн жана көп жылдык чөптөрүн каптаган. Ошондой эле аталган райондун Кызыл-Коргон айылында да сел агымы пайда болуп, Жалгыз-Тал сайынан суу ашып, жети турак үйдүн короосуна кирген.

Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагында 10-июль күнү саат 02:40 чамасында нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, натыйжада Баетов-Кош-Дөбө унаа жолунун 6-чакырымында сел өткөрүүчү көпүрө шакекчесине батпай, унаа жолго зыян келтирген. Ошондой эле 13 турак-жайдын короосуна, тогуз турак-үйдүн жер төлөөсүнө суу кирген. Ушул эле райондун Байгөнчөк айылында сел жүрүп, эки турак жайдын короолоруна суу кирген.

Маалым болгондой жаратылыш кырсыгы катталган аймактарга ӨКМ кызматкерлери жана атайын унаалар барып иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0