Сүлөөсүндүн терисин сатып жаткан киши кармалды

© Sputnik / Влад УшаковСүлөөсүн. Архив
Сүлөөсүн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган киши сүлөөсүн капканга түшүп калганын айткан

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Сүлөөсүндүн терисин сатып жаткан киши кармалганын Мамэкотехинспекциясынын маалымат кызматы билдирди.

Кармоо иштери Ош облусунун Алай районунда атайын рейд учурунда ишке ашкан.

Окуя болгон жерде протокол түзүлгөн. Кармалган киши жырткыч жаныбар капканга түшүп калганын айткан.

Келтирилген чыгым эсептелүүдө.

Өлкө боюнча миңден ашык сүлөөсүн бар жана ал кызыл китепке киргизилген. Бул жаныбарларга аңчылык кылгандарга 25 миң сом айып каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0