Нарын дарыясына машина кулап, бир киши каза тапты

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүСууга түшүп кеткен автоунаа. Архив
Сууга түшүп кеткен автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарында сууга автоунаа кулап бир киши көз жумса, Ак-Суу районунда белгисиз жоголдун деген адамдын сөөгү табылган.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Нарын районунун Нарын — Өрүктам унаа жолундагы Эки-Нарын айылына жакын жердеги көпүрөдөн 8-июлда түнкү саат 11:00дөр чамасында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа Кичи-Нарын дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, автоунаанын ичинде эки адам болгон.

"Алардын бирөө унаадан чыгып, ал эми экинчиси машинадан чыгып-чыкпаганы белгисиз болгондуктан издөө иштери жүргүзүлгөн. 9-июлда саат 16:30да бир жарандын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Пристань-Пржевальск пляжынан Ак-Суу районунун тургуну 9-июлда дайынсыз жоголуп кеткен. Анын сөөгү 10-июлда кечинде табылып, туугандарына тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0