Ыйлаган баласын сабап өлтүргөн кыргызстандык киши Тюменде соттолду

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүСИЗО-4 УФСИН России по городу Москве
СИЗО-4 УФСИН России по городу Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач кармалган киши баласын сабаганын моюндаган эмес, бирок акыр аягы анын күнөөсү далилденип жети жылга эркинен ажырады.

БИШКЕК, 9-июл. – Sputnik. Тюменде эки жашар баласын ыйлаганы үчүн сабап өлтүргөн 26 жаштагы кыргызстандык киши соттолгонун Россиянын Тюмень облусу боюнча Тергөө башкармалыгынан кабарлашты.

Судебный молоток - Sputnik Кыргызстан
Аялы менен кайненесин өрттөп ийген адамды РФ соту 24 жылга кести
Мындай трагедиялуу окуя үстүбүздөгү жылдын февраль айында катталган. Ыйлаган наристеге ачуусу келген ата аны башка-көзгө койгулап сабап салган. Натыйжада бала өзүн жогото баштаганда, Тез жардам чакырышкан. Бирок наристе ооруканадан өзүнө келбей көз жумган. 

Алгач кармалган киши баласын сабаганын моюндаган эмес, бирок акыр аягы анын күнөөсү далилденип жети жылга эркинен ажырады.

Жаңылыктар түрмөгү
0