Таңда үч киши мерт кетти. Токмоктогу үрөй учурган жол кырсыгы

© Видео / пресс-служба УПМ ГУВД Чуйской областиДТП на трассе Бишкек — Токмок
ДТП на трассе Бишкек — Токмок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициясынын айтымына караганда, рулду отурган айдоочу уктап кеткен.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкек — Токмок жолундагы кырсыктан үч киши мерт кетти деп кабарлашты Чүй облустук Жол кайгуул милициясынын маалымат кызматынан.

Жол кырсыгы болжол менен 8-июлда эртең менен саат 7:00дө болгон.

"Toyota Avensis автоунаасынын айдоочусу уктап кеткендиктен жолдун каршысына чыгып, катуу ылдамдык менен бордюрду сүзгөн. Салондогу эки жигит жана бир кыз ошол жерден жан берген. Тактай келгенде алардын 30 жашта экендиги аныкталды. Дагы бир аял оор абалда ооруканага жеткирилди", — деп билдиришти милициядан.

Кырсык боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Июнь айында болгон ири жол кырсыктарын тизмесин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0