Бүгүн Кыргызстанда эки жолу жер силкинди

© AFP / NICOLAS ASFOURIСлучаи землетрясения в Кыргызстане
Случаи землетрясения в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын түндүк-түштүк аймактарында 6-июлда эки жолу жер силкинген

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн, 6-июлда эки жолу жер титиреди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Чоң-Алай районунда камсыздандыруудан өткөн турак жай ээлерине акча тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алайда камсыздандырылган турак жай ээлерине акча берилди
Биринчи жер титирөө түнкү саат 2.03тө катталып, очогу Күңгөй Ала-Тоо тоосунда, Кайыңдынын чыгышынан 21 чакырым, Тегирментиден 22 чакырым, Тору-Айгырдан 27 чакырым, Балыкчынын түндүк-чыгышынан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү 4,5 баллга жеткен.

Ал эми эртең мененки саат 8.35де дагы күчү 3 баллга жеткен жер силкинүү катталган.

Анын очогу Шералыдан 3 чакырым, Өзгөн шаарынын түштүгүнөн 5 чакырым, Кароолдун түштүк-чыгышынан 5 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жабыр тарткандар жана кыйроолор болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0