Баткенде агасынын үйүнө ууруга кирген киши эки жаш баласын муунтуп кетти

© AFP / ATTILA KISBENEDEK Кичинеке баланын бут кийими. Архив
Кичинеке баланын бут кийими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя "Аэропорт" кварталында шаршемби күнү кечинде болгон

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Баткенде эркек киши үйгө уурулукка кирип ичиндеги эки жаш баланы өлтүрүп кеткен. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына укук коргоо органдары билдирди.

Жол кырсыга. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Суудагы автокырсыктан Жол кайгуул кызматынын өкүлү каза тапты
Окуя "Аэропорт" кварталында шаршемби күнү кечинде болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча балдарды ууруга кирген атасынын бир тууган иниси муунтуп өлтүргөн. Үй ээси Баткендеги соода борборлордун биринде иштегени маалымдалды.

Аталган факт боюнча теришитирүү иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0