Кара-Суудагы автокырсыктан Жол кайгуул кызматынын өкүлү каза тапты

Жазылуу
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар Daewoo Matiz ичинде каза болгон тейде кыпчылып калган эки жаранды чыгарып, сөөктөрүн райондук милицияга өткөрүп берген.

БИШКЕК, 6-июн.— Sputnik. Кара-Суу районундагы жол кырсыгынан Жол кайгуул кызматынын инспектору менен анын жанындагы жүргүнчүсү каза болуп калды. Бул туурасында  Sputnik Кыргызстан агенттигине облустук милициядан кабарлашты. 

Буга чейин ӨКМ Кара-Суунун Мады айылында жүк ташуучу Shacman автоунаасы менен кагышкан Daewoo Matiz оодарылып кетип, ичиндеги эки адам каза болгондугун билдирген.

 "Ош облустук Жол кайгуул кызматынын инспектору  Daewoo Matiz  кызматтык унаасында жүргүнчү кыз менен келе жаткан.  Кыз болжол менен 25 жаштын тегерегинде, ал эми рулдагы инспектор 28 жашта болгон", — деп айтышты милициядан.

ПДД в Германии - Sputnik Кыргызстан
“Манас” аэропорту жактан айдоочу велосипедчен адамды эки ирет тепселетип кеткен
Кырсык  Ош — Эркештам автожолунун 10-чакырымында болгон.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар Daewoo Matiz ичинде каза болгон тейде кыпчылып калган эки жаранды чыгарып, сөөгүн райондук милицияга өткөрүп берген.

Учурда жүк ташуучу автоунаанын айдоочу кармалып, тергөө-иликтөө иштери башталды.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0