“Манас” аэропорту жактан айдоочу велосипедчен адамды эки ирет тепселетип кеткен

© AFP / Peter Kneffel / dpaПДД в Германии
ПДД в Германии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция күнөөкөрдү издеп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу мас абалында болгон.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. “Манас” аэропорту жактан жүк ташуучу унаа велосипедчен адамды койдуруп аны эки ирет тепселетип кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук Кайгуул милиция башкармалыгынан кабарлашты. 

Унаа айдоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ата, коопсуздук курун тагын!". Өлкөдө жол кырсыгын азайтуу үчүн акция башталды
Окуя болгон жерден айдоочу изин жашырган. Милициянын маалыматына караганда, күнөөкөр мас абалында болгон. 

Ал эми жабырлануучу тирүү калып, Травмотология жана илим изилдөө борборуна жеткирилген. 

Учурда милиция кызматкерлери саргыч түстөгү жүк ташуучу унааны издеп жатат. 

Кимде-ким бул кырсык боюнча маалыматка ээ болсо Чүй облустук Кайгуул милициясына 0312-43-88-85 номери аркылуу кайрыла алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0