Кечээ сууга чөгүп кеткен эки кишини куткаруучулар таппай жатышат

© Sputnik / Табылды КадырбековКечээ сууга чөгүп кеткен эки кишини куткаруучулар таппай жатышат
Кечээ сууга чөгүп кеткен эки кишини куткаруучулар таппай жатышат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадамжай районундагы куткаруучулар Үч-Коргон айылындагы көпүрөнүн астынан ким экендиги белгисиз адамдын сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кечээ Бишкек шаары менен Чаткал районунда эки киши сууга түшүп каза болду. ӨКМ алардын сөөгүн 13 куткаруучу издеп жаткандыгын билдирди.

Спасательный круг на берегу озера - Sputnik Кыргызстан
Кечээ өлкө аймагы боюнча эки бала, эки киши сууга чөгүп кетти
Биринчи кырсык Бишкек шаарынын аймагы аркылуу өткөн Чүй каналында болуп, эркек киши чөгүп кеткен. Куткаруучулар тартылган менен натыйжа болгон эмес.

Экинчи окуя Чаткал айыл аймагында болуп, алтын казуучу ишкананын кызматкери Чаткал суусуна агып кеткен. Куткаруучулар анын да сөгүн таппай калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен издөө иштери бүгүн уланаарын кабарлашты.

ӨКМ андан сырткары Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылындагы көпүрөнүн астынан ким экендиги белгисиз адамдын сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп бергендигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0