БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Талас облусунун Кырк-Азык айылында болгон жол кырсыгынан бир киши каза болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине милициядан билдиришти.
Кырсык 4-июлда таңкы саат 5:00дөр чамасында болгон. Машинаны 26 жаштагы киши айдап, жанында эки досу жүргүнчү катары бара жаткан.
"Айдоочу рулду башкара албай, машина аласалып жол четиндеги түркүккө урунган. Кырсыктын кесепетинен бир киши каза болуп, экөө оор жаракат алган. Айдоочу эсине келе элек", — деп милициядан маалымдашты.
Учурда тергөө тобу ооруканада тийиштүү сурактарды алып жатат. Жол кырсыгы боюнча керектүү бардык экспертизалар дайындалды.