Чоң Чүй каналына 50 жаштагы киши чөгүп кетти

Жазылуу
Маалыматка ылайык, окуя саат 13:50лөр чамасында болгон.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Дача айылынын Береговая көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 50 жаштагы киши чөгүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя саат 13:50лөр чамасында болгон.

Издөө иштерине Бишкек шаарынан алты куткаруучу тартылып, саат 15:00дөрдө анын сөөгү табылып, райондук милицияга өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0