Салянованын агасы Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча издөөгө алынды

Жазылуу
Тергөөнүн жүйөсүнө ылайык, Калыбек Сальянов саунанын видео көзөмөлүнө тартылган видеону өчүрттүрүп салган.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын бир тууганы Калыбек Эльтуйбасов (Сальянов) Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча издөөгө алынганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

2014-жылы 10-мартта 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева табышмактуу жагдайда каза болгон. Аталган факты боюнча козголгон кылмыш иши коомчулуктун көңүлүн бурганы менен бүгүнкү күнгө чейин анын бети ачылбай келет. Ал кезде ИИМди башкарган Мелис Турганбаев ишти толук изилдей турганына сөз берген.

Кол кишенчен адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: жергиликтүү кеңештин депутатынан экстремисттик материалдар табылды
Андан кийинки ички иштер министри Кашкар Жунуашалиев дагы 2016-жылы 21-ноябрда кылмыштын бети ачылат деп ишендирген.

ИИМ тараткан маалыматка ылайык, Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши акырындык менен иликтене баштады. Милициядан маалымдашкандай, 2014-жылы мартта 55 жаштагы Калыбек Эльтуйбасов (Сальянов) сауналардын биринде 10-мартта видеокөзөмөлгө жазылып калган видеону өчүрттүрүп салган. Ал мындай кадамга бул видеонун тергөө үчүн мааниси чоң экенин билип туруп барганын тергөө жүйө келтирүүдө.

Эльтуйбасовго издөө жарыяланды. Ал тергөөгө жолтоо болгон делип, сыртынан айыпталды. Аталган факты боюнча ИИМ кылмыш ишин козгоду.

Милициянын маалыматына караганда, Эльтуйбасов Кыргызстандан чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0